Ильяз Абдыразаков кыргыз жана казак ырчыларын чогултуп чоң концерт уюштурат
Ырчы Ильяз Абдыразаков буга чейин коюп жүргөн концерттеринен айырмаланган өзгөчө концерт уюштуруп жатканын маалымдады. Концерт 18-19-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт. Ырчы мырзанын айтымында, ал күнү ата мекендик ырчылардан тышкары кыргыз сахнасында казакстандык мега жылдыздар да ырдашат. Бул тууралуу: "Жылда күзүндө концерт берчү элем. Быйыл түрдүү себептерден улам кышка калып кетти. Бул жолку концерт сюрприздерге бай жана мурункулардан өзгөчө болот деп ишендирип кетем",- деп билдирди "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2010-жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси.