Акыркы 10 жыл аралыгында дүйнөдөгү миллиардерлердин саны эки эсеге көбөйдү

Дүйнө жүзүндөгү миллиардерлердин саны акыркы 10 жыл аралыгында 2 эсеге өскөн. Тактап айтканда, алардын саны 2208ге жеткен. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар "Oxfam" эл аралык кайрымдуулук жана гуманитардык уюмунун изилдөөсүнө таянып жазып чыгышкан.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 2017-жылдан 2018-жылга чейин ар эки күндө миллиардерлердин саны көбөйүп турган. Алардын байлыгы жылына орточо эсеп менен 900 миллиард долларга көбөйүп турган. Ал эми дүйнөдөгү эң бай деп аталган Жефф Безостун байлыгы бир жылда 112 миллиард долларга өскөн.
"Oxfam" уюму жер жүзүндөгү 3 миллиард 800 миллион адам жакыр жашай турганын айткан. Ошондой эле жакыр адамдардын жалпы байлыгы дүйнө жүзүндөгү 26 бай адамдыкына тең келерин маалымдашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан