Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин сынга алды. Ал мурунку премьерлердин тушунда коомчулукта айтылган аттарды белгилеп "азыркы өкмөткө жаңы "түкүрүк өкмөт" деген ат коюлду. Бул атка конушуна өздөрүнүн кадамдары, адамдары себеп болду. Жаңы кодекстерди ишке киргизебиз деп булар жаңы жаңжалдарды ишке киргизип жиберди", - деди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутат Момбеков азыркы өкмөт "түкүрүк өкмөт" деген атка конгонун айтты. Сиз азыркы өкмөттү кандай атайт элеңиз?" деген соболуна экономика боюнча эксперт Улукбек Кыдырбаев жооп берди.
Ал өкмөттүн жетишкендиктерине токтолду. “Биринчиден, ачык асман саясаты жана мыйзамдык нормалар боюнча маселе 2012-жылы көтөрүлүп, бирок быйыл гана чечилди. Буга чейин ишкерлердин, туризм тармактын өкүлдөрүнүн атынан ачык асманды ишке ашыргыла деп талап кылган күнү да ишке ашпай келген. Бул аябай маанилүү жана чоң жетишкендик деп ойлойм. Бул жерде социалдык фонддун текшерүү милдетин салык кызматына өткөрүп бергени.
Бул маселени мен өзүмдүн тажрыйбамда 2006-жылдан баштап, серепчилер, адистер өкмөттө ким болбосун которгула деп айтып чыккам. Мындайча айтканда, бир маселени чечүү үчүн эки жумуш кылып жатышкан. Мына ушул жылы гана ишке ашырылды. Бул менин көз карашым боюнча чоң жетишкендик. Мен серепчи катары экономика тарабынан эле баалайм. Үчүнчү маселе - бул бизнес акыйкатчылыгын түзүү боюнча кол коюлду. Ушул аракеттерди мен аябай баалайм. Бул кадам ишкерлерди, алардын укуктарын коргоо жана колдоо боюнча жасалган чоң жетишкендик. Албетте, сот системи тез арада өзгөрбөйт, текшерүү органдары да өзгөрүлбөшү мүмкүн, бирок ушул сыяктуу кадамдар жакшы нерсеге алып барат деген ойдомун”, - дейт Кыдырбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, саясий серепчилер Марат Казакбаев, Игорь Шестаков жана жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.