Саясий серепчи Игорь Шестаков: "Өкмөттүн куралышы жана азыркы ишине Жогорку Кеңеш жоопкерчилик алышы керек"

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин сынга алды. Ал мурунку премьерлердин тушунда коомчулукта айтылган аттарды белгилеп "азыркы өкмөткө жаңы "түкүрүк өкмөт" деген ат коюлду. Бул атка конушуна өздөрүнүн кадамдары, адамдары себеп болду. Жаңы кодекстерди ишке киргизебиз деп булар жаңы жаңжалдарды ишке киргизип жиберди", - деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутат Момбеков азыркы өкмөт "түкүрүк өкмөт" деген атка конгонун айтты. Сиз азыркы өкмөттү кандай атайт элеңиз?" деген соболуна саясий серепчи Игорь Шестаков жооп берди.

Ал учурда депутаттар түрдүү сындарды айтуу менен кийинки парламенттик шайлоого даярданып жатышат деген пикирде.

"Азыркы тапта депутаттар Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына даярдыктарды көрүп жатышат. Менимче, депутаттардын 80 пайызы креслолоруна кайрадан кайтып келүүнү каалашат. Ошондуктан өкмөт аларга шайлоо алдындагы бута болуп берет. Алар күнү-түнү өкмөткө карата "атып" башташат. Тилекке каршы, өкмөт да буга негиз берип жатат. Министрлер кабинетине азыр "3" деген бааны берсе болот. Өкмөттө, менин оюмча, көп өзгөрүү болгон жок. Курамы дагы жыл сайын өзгөрүп жатканын унутпашыбыз керек. Азыркы өкмөттү отставкага кетирип, жаңы өкмөттү алып келгенде деле ишинде айырмачылыктар болуп кетпейт. Менимче, өкмөттүн ишин анализдеп, баалоо үчүн аларга жок дегенде 2-3 жыл иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Өкмөттүн тез алмашуусуна байланыштуу баш аламандык карапайым элдин жашоосун жакшыртпайт жана Кыргыздын экономикасына терс таасирин тийгизет. Инвестиция тармагына тийгизген кесепетинен инвесторлордун саны кескин азайып кеткенин көрүп жатабыз. Өкмөттү баалоо менен биз парламентке дагы баа берип калабыз. Сапар Исаковдун өкмөтү Жогорку Кеңештеги ички саясий күрөштөн улам таратылбады беле? Азыркы Сапар Исаковго байланыштуу кылмыш иштери бул башка нерсе. Анын ишине саясий баа берилген жана саясий кызыкчылыктардан улам таратылган. Момбековдун өзүнөн "өкмөттүн куралышына өзүңүз жоопкерчилик аласызбы?" деп сураш керек. Өкмөттү тез-тез алмаштырып баштаган Жогорку Кеңештин 2010-жылдагы чакырылышынын ишин 2015-жылы келген парламентарийлер улантышкан. Бардык нерсеге чиновниктер күнөөлүү, ал эми өкмөттүн курамына өзүнүн партиясындагы кадрларды сунуштаган депутаттар күнөөлүү эмеспи? Өкмөттүн куралышы жана азыркы ишине Жогорку Кеңеш жоопкерчилик алышы керек. Премьер-министр партиялардын көз карашы менен эмес, качан гана өзү министрлерди дайындап баштаганда өкмөттүн ишин башкача анализдешибиз мүмкүн. Азырынча бул шайлоо алдындагы оюндар", - деди Шестаков.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, саясий серепчи Марат Казакбаев экономика боюнча эксперт Улукбек Кыдырбаев жана жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан