Быйыл 2019-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин 36 өлкөгө иш сапары менен баруусу пландалган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мирзийоевдин Германиядагы иш сапары 22-январда аяктайт. Ал Берлинде өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлер Ангела Меркель менен жолуккан. Мындай маалыматты Эл аралык пресс-клубдун төрагасы Шерзодхон Кудратхужаев кабарлаган.
Өзбекстандын мамлекет башчысы 2018-жылдын октябрь айында Францияга барган. Бул жылы Мирзийоев алгачкы сапарын Индиядан баштаган. Мындан сырткары Бельгия, Канада, Болгария, Япония жана Беларусь мамлекеттерине барары болжолдонууда.