WhatsApp мессенжери окшош билдирүүлөрдү беш адамга же группага эле жибере ала тургандай чектөө киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эми WhatsApp мессенжеринен азыркыдай 20 адамга же группага окшош билдирүүлөрдү жиберүү мүмкүнчүлүгү болбойт. Жаңы эрежелер жалган маалымат тараткандарга каршы күрөшүү үчүн киргизилген.
Мындай чектөө жарым жыл мурда Индиядан текшерүү иретинде иштетилип баштаган. Тыкыр иликтөөнүн жыйынтыгында бардык мамлекеттерде WhatsApp дагы окшош билдирүүлөрдү таратууга чектөө киргизүү чечимине келишкен.
2014-жылдан бери Facebook социалдык тармагында WhatsApp аркылуу жалган маалыматтар таратылып жатканы тууралуу көптөгөн сын-пикирлер айтылып келген.