Быйылкы жылдын күтүлүп жаткан фильмдери. "Так талашуу оюну" сериалынын, "Өч алгычтар" тасмасынын жыйынтыктоочу бөлүгү апрель айында көрсөтүлөт

Быйылкы жылда күтүлүп жаткан чет элдик тасмалар качан экранга чыга турганы белгилүү болду. Киномандар күткөн тасмалардын бири - "Өч алгычтар". Тасманын төртүнчү бөлүгү "Финал" деп аталып, трейлери социалдык тармакка чыккан.

Видеодон Marvel дүйнөсүнүн персонаждары Тони Старкты (темир адам), Стив Рожерсти (капитан Америка), Наташа Романоффту көрүүгө болот. Алар каршылашы Танос көздөгөн максатына жеткенин, тирүү жандыктардын 50 пайызын жок кылганы тууралуу сүйлөшөт. Капитан Америка: "Биз жоготууга учурадык, досторубузду, жакындарыбызды жоготтук. Алдыда чоң салгылашуу болот", - деген.

Күйөрмандар чыдамсыздык менен күтүп жаткан "Өч алгычтар" тасмасынын финалдык бөлүгү ушул жылдын апрель айында экранга чыгат.

Кино сүйүүчүлөр күтүп жаткан "Так талашуу оюнунун" 8-сезону дагы ушул жылдын жаз мезгилинде, тагыраагы, 14-апрелде экрандан көрсөтүлө баштайт. Бул сериалдын тизерин түндүк америкалык HBO (Home Box Office) телеканалы жарыялаган.

Америкалык жазуучу Жорж Мартиндин романынын негизинде тартылган сериалдын 8-бөлүгү жыйынтыктоочу экенин режиссёрлор билдиришкен. Социалдык тармакка чыккан фильмдин трейлеринен Старк үй-бүлөсүнүн 3 мүчөсү Арья, Жон Сноу жана Санса Винтерфелл сепилинен өздөрүнүн айкелдерин таап алышканын көрүүгө болот.

Сериалдын биринчи бөлүгү 2011-жылдын 17-апрелинде көрсөтүлө баштаган. Бул аралыкта сериалдын 7 бөлүгү тартылып, жалпысынан 38 жолу "Эмми" сыйлыгын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ms.president
2019-01-22 11:37:53
"Игра престолов" бир айда бир сериал чыгат. Мен да кутуп жатам.
0
ruslanz
2019-01-22 12:02:21
ms.president,Жанылышасын. HBO каналы такай жаны башка сериалдарды дагы бир жумада бир серия чыгарат,бул жолу дагы ошондой.Ссылка кылат элем.бул сайтта болбойт окшойт.
0
mirbek2211
2019-01-22 12:54:51
Быйыл коруп жыйынтыктайт экенбизда ,канча убактан бери кутуп жаттым эле.
0
ruslanz
2019-01-22 13:12:26
Жогору жактагы комент-ди очуруп салышкан турбайбы.Ушул админ кандай адам болду экен.Алдагы эрежелерди бузган эмесмин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан