Февраль айында ички каттам менен каттоого эки чакан учак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Ички рейстерди атайылап каттатпай коюу же рейстерди азайтуу максаты жок. 18-январь күнү 8 рейс учкан жок. Эртеси күнү тиешелүү жабдыгы алмаштырылган соң учак рейске чыккан. Учурда аэропорттордун абалын карап жатабыз. Азыркы күндө 3 аэропорттун абалы өтө начар. Ал Каракол, Талас жана Кызыл-Кыядагы аэропорттор, аларды кайра оңдоого болбойт. Ошондой эле ички каттам менен каттай турчу эки чакан учак сатып алууга аракеттерди көрүп жатабыз. 2018-жылы сүйлөшүүлөр болгон. Ушул жылдын февраль айында 1-2 компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзөбүз",- деди Боронов.