Депутат Табалды Тиллаев: "КТРКга ким келсе да бийликтин арыгын чабат"

Ушул жылдын февраль айында Илим Карыпбековдун КТРКга жетекчи болгонуна төрт жыл болот. Бул арада коомдук каналга элдин көйгөйүн чагылдыруунун ордуна, бир тараптуу саясий маалыматтарды таратып жатат деген сындар айтылып келди. Коомчулук учурда КТРКга өз талапкерлерин сунуштап жаткан кез.

SUPER.KG порталынын "КТРКнын башкы директорунун иштөө мөөнөтү аягына чыгат. Коомдук телеканалга бийликке эмес, элге иштей турган жетекчини кантип алып келүүгө болот?" деген соболуна депутат Табалды Тиллаев жооп берди.

Эл өкүлү КТРК коомдук канал болгону менен, каржылоо мамлекет тарабынан болуп жатат дейт.

“КТРК коомдук канал болгону менен, каржылоо мамлекет тарабынан болуп жатат. Мындан улам бул жерде Илим Карыпбековду алып келебизби, башка талапкерди алып келебизби, баары бир бийликке иштейт. Коомдук канал мамлекетке көз карандысыз болушу керек. Мамлекетке көз каранды болгондон кийин өкмөттү угат”, - деди Тиллаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, коомдук ишмер Абды Сатаров, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев, ырчы Урмат Усенов жана акын Бердибек Жамгырчиевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан