Ушул жылдын февраль айында Илим Карыпбековдун КТРКга жетекчи болгонуна төрт жыл болот. Бул арада коомдук каналга элдин көйгөйүн чагылдыруунун ордуна, бир тараптуу саясий маалыматтарды таратып жатат деген сындар айтылып келди. Коомчулук учурда КТРКга өз талапкерлерин сунуштап жаткан кез.
SUPER.KG порталынын "КТРКнын башкы директорунун иштөө мөөнөтү аягына чыгат. Коомдук телеканалга бийликке эмес, элге иштей турган жетекчини кантип алып келүүгө болот?" деген соболуна депутат Садык Шер-Нияз жооп берди.
Эл өкүлү КТРК мамлекет тарабынан каржылангандан кийин калыс иштей албайт деген пикирин айтты.
"КТРКга ким жетекчи болуп барбасын телеканал көз каранды болгондуктан эгерде саясий абал күчөп кетсе жетекчи бат эле жек көрүндүгө айланат. Анткени КТРК таза, ачык, калыс иштей албайт. Эгер ошентип иштей турган болсо, андай каналды мамлекет каржылабайт. Байкоочу кеңештин дагы 33 пайызы президент, 33 пайызы парламент, анан 33 пайызы коомдук партиялардан болуп жатпайбы. Ошол жерде дагы тең салмактуулук жок. КТРКнын системи дагы реформага муктаж. Бул оор маселе. Байкоочу кеңеш КТРКда парламент сыяктуу ролду аткарат. Алар жетекчини жумуштан кетирүүгө укугу бар. Байкоочу кеңешке бара жатканда "менин колумдан келет" дегендер баргандан кийин саясий, моралдык дагы башка себептер менен сөзүнө тура албай калышууда. Мындан улам бир тараптуу, чындыкка дал келбеген маалыматтар эфирден кеткен учурлар болгон. Муну өз башынан өткөргөн адам катары айтып жатам. Ошондой күндөр "Ата Мекен" партиясынын башынан өттү. Жетекчи эч кандай реформа жүргүзө албайт жана ага кереги деле жок. Техникалык жактан өзгөрүүлөрдү биз реформа деп түшүнгөнүбүз туура эмес. Иш алып баруунун реформасы жакын арада болбойт. Анткени бүгүнкү күндө ушундай болуп турушу мамлекетке керек болуп жаткандыр. Эгер акыйкаттык болсун десек, эч бир маалымат каражаттары мамлекеттен субсидия албашы керек. Кандайдыр бир мыйзамдарды көргөзүү үчүн интернет портал эле жетет. Биз Советтер Союзунан калган системди улап келе жатабыз. Мамлекет каржылабаган, демократиялык маалымат каражаттары пайда болушу мүмкүн. Бирок бул узак жол. Биз анын ортосундабыз десек болот", - деди Садык Шер-Нияз.
Жогорку Кеңештин депутаттары Табалды Тиллаев, Алмамбет Шыкмаматов, коомдук ишмер Абды Сатаров, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев, ырчы Урмат Усенов жана акын Бердибек Жамгырчиевдин жообу бул шилтемеде.