Ушул жылдын февраль айында Илим Карыпбековдун КТРКга жетекчи болгонуна төрт жыл болот. Бул арада коомдук каналга элдин көйгөйүн чагылдыруунун ордуна, бир тараптуу саясий маалыматтарды таратып жатат деген сындар айтылып келди. Коомчулук учурда КТРКга өз талапкерлерин сунуштап жаткан кез.
SUPER.KG порталынын "КТРКнын башкы директорунун иштөө мөөнөтү аягына чыгат. Коомдук телеканалга бийликке эмес, элге иштей турган жетекчини кантип алып келүүгө болот?" деген соболуна КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев жооп берди.
Ал коомдук каналдын директорун шайлоо тууралуу бийлик тараптан да сунуштар болуп калышы мүмкүн, ага карабай татыктуу талапкерди тандоо керек экенин айтты.
“Коомдук биринчи каналдын директорлук кызматына кимдер документ тапшырат, ошого жараша болот. Алардын ичинен татыктуусун тандап алуу Байкоочу кеңештин колунда. КТРКнын Байкоочу кеңешинде 15 мүчө бар. Алардын ар биринин башкача пикирлери болот. Элдин талабына жооп бергидей директорду тандаганга аракет кылабыз. Бирок бийлик тараптан сунуштар жана шарттар болуп калышы мүмкүн. Ага карабай татыктуу талапкерди тандоо керек. Мыйзам боюнча коомдук каналдын директорун шайлоону Байкоочу кеңеш өткөрөт. Коомдук канал болгондон кийин калыс пикирди чагылдырууга аракет кылышы зарыл. Бир тараптуу маалыматтар аталган каналдан кетип жатканы факт. Буга байланыштуу Илим Карыпбековдун иши тууралуу сын-пикирлер да айтылып жатат. Албетте, башкы канал болгондон кийин мамлекеттин бийлигин жүргүзүүсү керек. Бирок саясий учурларда дагы эки тараптуу маалыматтарды чагылдырууга аракет кылышы абзел.
Эми элге жаккан директорду тандап алабыз деп турабыз. Тандап алган адамыбыз кандай болуп кетет, аны убакыт көрсөтөт. Акыркы саясий кырдаалдарга байланыштуу учурдагы директор менен байкоочу кеңештин кээ бир мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер көп болгон. Себеби бир тараптуу маалыматтар көп берилип кетет. Бул маселе жыйын сайын көтөрүлүп, талашып-тартышууну жаратат. Тилекке каршы, талашып-тартышканыбыз менен, жыйынтык дайыма эле бардыгынан чыга бербейт. Себеби байкоочу кеңеш директорго жаккан шартта добуш берип коёт”, - деди Болгонбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Табалды Тиллаев, Садык Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, коомдук ишмер Абды Сатаров, ырчы Урмат Усенов жана акын Бердибек Жамгырчиевдин жообу бул шилтемеде.