Өзбекстандын президентинин Германияга болгон иш сапарында экономикалык багыттагы 9 документке кол коюлду

Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзийоевдин Германияга болгон иш сапарынын алкагында тогуз документке кол коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өзбек лидеринин Германия болгон иш сапары 20-январда башталып, бүгүн, 22-январда аяктады.

Бул сапарынын алкагында экономика, соода, каржы, билим берүү, илим жана инновация тармактары боюнча өкмөттөр аралык документтерге кол коюлган.

Мындан тышкары Мирзийоев Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Иш сапардагы негизги сүйлөшүүлөр экономикалык багытта болгон. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда германиялык инвесторлордун катышуусундагы 132 ишкана иштейт. Алардын 33ү немис ишкерлерине таандык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AIA-TOO
2019-01-22 18:53:11
Бул киши ишинин үстүнөн чыгат. Чын жүрөктөн күйүп иштейтко...
+5
bekhaliev
2019-01-22 20:15:06
А биздикилер Момбетов эркекче суйлоду деп журоберебиз
+2
AIA-TOO
2019-01-22 21:14:03
bekhaliev, Ооба, куру сөздөргө куру убадаларга бай биздикилер.
+3
ruslanz
2019-01-22 20:46:37
През.болгондон бери байкап келетам чыныгы олкосунун патриоту экен.Бир эле немистердин 132 ишканасы иштейт экен. Биздикилерчи сыртка барып акча алып келишип бир азын иштетип, кобуно хан сарайларды салып,лексустарды минип алышат.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан