Бакыт Төрөбаев: "5 кодекс, 2 мыйзамдагы кемчиликтер боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат"

"5 кодекс, 2 мыйзамдагы кемчиликтер боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат", - деп бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.

Төрөбаев бул маселени ЖЭБдеги аварияга салыштырды. "ЖЭБдеги авария боюнча 4 жетекчи жоопко тартылды. Бул кодекстер боюнча 2 жыл мурда өкмөт "даяр эмеспиз" дегенинен 2019-жылы күчүнө кирсин деп жылдырганбыз. Өкмөт, жоопкерчилик кайда? ЖЭБдеги авария боюнча жетекчилер жоопкерчиликке тартылып, 5 кодекс, 2 мыйзамдагы кемчиликтер боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат. Бул жыйындын негизинде өкмөт жыйын өткөрүп, ким жоопкерчиликке тартылышы керек экенин карап көрүшү зарыл", - дейт Төрөбаев.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: "2019-жылы сот-укуктук реформа бүттү деген маселе жок. Тартиби менен кетип жатат. Чогуу аткарабыз", - деди.

Учурда сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берүүдө.

1-январда Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу жөнүндө кодекс, "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар күчүнө кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан