Депутат жаңы кодекстер боюнча суроого эмнеге өкмөт эмес, эксперттик топ жооп берип жатканын сурады

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков жаңы кодекстер боюнча суроого эмнеге өкмөт эмес, эксперттик топ жооп берип жатканын сурады.

"Мен эксперттерди сыйлайм. Бирок бул маселе боюнча өкмөт эмнеге жооп бериши керек эле", - деди Турусбеков.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: "Статьялар боюнча эксперттер жооп бериши керек. Өкмөт уюштуруу иштери боюнча иш алып барууда", - деди.

Учурда жыйында сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берүүдө.

1-январда Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Эреже бузуу жөнүндө кодекс, "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар күчүнө кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан