Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов эмнеге саат 14:00дө дагы жыйынга келбегенин сурады.
"Урматтуу төрага, сиз премьер-министр, башкы прокурор менен байланышып, бүгүнкү болуп жаткан сөздөрдү айттыңызбы?" - дейт депутат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков алар менен байланышканын айтты. "Мен алар менен сүйлөштүм, премьер-министрдин иш-чаралары бар экен, бир аз ден соолугуна байланыштуу келе алган жок. Башкы прокурордун дагы пландалган иши бар экен. Тийиштүү орун басарларын жөнөтүшүптүр", - деди Жумабеков.
Рысалиев: "Алар аш-тойлорго барганда дагы өздөрүнүн орун басарларын жөнөтөт бекен? Бул жакка аларды жылкы союп учага чакырыш керекпи? Алар аш-тойго кетишти болуш керек деп ойлоп жатам. Биз эл тараптан шайланып келген депутаттарбыз. Мага сиз ошолор жакка тарткандай сезилип жатат. Биз биз жакка тартпайсызбы. Бул кодекстер мага эмес кыргыз элинин күнүмдүк жашоосу. Күнүмдүк жашоого күйбөгөн премьер-министр, прокурор бул жакка келбесе алар каякка келишет?" - деди.
Төрага регламент боюнча иш алып барып жатканын айтты.