Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңеште сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселе каралды.
Бул маселе боюнча токтом долбооруна депутат Курманкул Зулушев сот реформасынын алкагында кабыл алынган жаӊы кодекстер менен мыйзамдарды даярдоого Евросоюздан алынган каражаттардын жумшалышы боюнча маалымат алууну киргизүүнү сунуш кылды.
Ал эми депутат Акылбек Жапаров жаӊы кабыл алынган кодекстердин иштөөсүн камсыз кылуу үчүн каражат бөлүү зарылдыгын айтып, токтом долбооруна киргизүүнү демилгеледи. Каражат караштыруу маселесин парламенттин Бюджет жана финансы комитетине жана Финансы министрлигине табыштоону кошумчалады. Ошондой эле жаӊы кабыл алынган кодекстердин кыргызча-орусча варианттарын шайкеш келтирүү жагы дагы сунушталды.
Жыйынтыгында өкмөткө, Жогорку Сот, Башкы прокуратура менен жумушчу топ түзүп жаӊы күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдарга анализ жүргүзүп, андагы кемчиликтерди жоюп, мыйзам долбоорлорун тез аранын ичинде алып келүүнү тапшыруу боюнча токтом долбоору кабыл алынды.
Мындан тышкары депутаттар тарабынан айтылган сунуштар дагы кошулат. Токтомду аткаруу мөөнөтү 1-мартка чейин белгиленди.
Токтом кабыл алуу үчүн 73 депутат "макул" деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок. Жалпы 93 депутат каттоодон өттү.
1-январда Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Эреже бузуу жөнүндө кодекс, "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар күчүнө кирген.