Саясий ишмер Темирбек Асанбеков: “Бардык маселелерге аткаруу бийлиги менен бирге парламент дагы жоопкерчиликтүү”

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.

SUPER.KG порталынын "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген соболуна саясий ишмер Темирбек Асанбеков жооп берди.

Ал мыйзамды кабыл алган депутаттардын да, өкмөттүн дагы жоопкерчилиги бар экенин айтты.

“Парламент өкмөттү түптөп, саясий милдет алышкан. Албетте, бардык маселелерге аткаруу бийлиги менен бирге парламент дагы жоопкерчиликтүү. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, “ревизордой” болуп депутаттар сын таккандарын токтотсо жакшы болмок. Өздөрүн пиар кылуу аракеттери менен бийлик институттарынын кадыр-баркын таптакыр тебелешти”, - дейт Асанбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Курманкул Зулушев, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Турускулов, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, юрист Канатбек Азиз, укук коргоочу Рита Карасартова жана эксперт Бурул Макенбаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан