Юрист Канатбек Азиз: "Эмнеге мамлекет биринчи кезекте ишке ашпаган нормалардын кесепетин карапайым калктын моюнуна илиши керек?"

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.

SUPER.KG порталынын "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген соболуна юрист Канатбек Азиз жооп берди.

Ал парламент жоопкерчилик алышы керек деген пикирин билдирди.

“Бул кодекстер Алмазбек Атамбаевдин учурунда кабыл алынган. Алар сапат жагына карабастан күчкө салып “кабыл алгыла, батыраак бүтүргүлө” деп баштаган. Парламенттин негизги функциясы - мыйзам чыгаруу милдети. Бул учурда эксперттер күнөөлүү же башка бирөө күнөөлүү деген туура эмес. Аны депутат өзү карап, өзү окуп чыгышы керек, парламент моюнуна алат. Менин билишимче, бул 2013-жылдан бери көтөрүлүп келген маселе. Азыр мына жыйынтыктарын көрүп жатабыз. Сапаты жөнүндө дайыма эле айтып келгем, бирок көп жаңы кодекстердин нормалары жашоого дал келбейт. Азыр өкмөт расмий түрдө “биз карап чыгабыз” дегени да туура, бирок жоопкерчиликти ким алат? Ошол эле реформага жаңы кодекстерди кабыл алабыз деп донорлордун 13 миллион доллардан ашык акчасы иштетилген. Эмнеге мамлекет биринчи кезекте ишке ашпаган нормалардын кесепетин карапайым калктын моюнуна илиши керек? Бул нерсенин кесепетин азыр эл тартып жатат. Күнөөлүүнү издегендин ордуна оңдоо киргизүү зарыл. Азыркы парламент, өлкө башчы, парламенттин ичиндеги депутаттар оңдоп чыгуусу кажет. Өкмөттү эле күнөөлөй берген да туура эмес, себеби кабыл алган парламент”, - дейт юрист.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Курманкул Зулушев, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана эксперт Бурул Макенбаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан