Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.
SUPER.KG порталынын "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген соболуна депутат Алмазбек Баатырбеков жооп берди.
Эл өкүлү бул боюнча ар кимди күнөөлөбөй, кемчиликти оңдоону үйрөнүшүбүз керек деген пикирде.
“Жоопкерчиликтен баарыбыз эле качып жатабыз. Менин жеке пикиримде, жоопкерчилик баарыбызда бар. Кодекстер кабыл алынып жатканда Кыргыз мамлекетинде “Мен кесипкөй" деген жарандык коомдон эксперттердин тобу тартылган. Биз эксперттерге, өкмөткө ишендик. Жогорку Кеңешке келгенде эрте кабыл алып бергиле, бул реформа боюнча керек дешти. Бүгүнкү күнү жаңы кодекстер, мыйзамдар иштей баштаганда көп нерсе калып калганы белгилүү болду. Буга 2016-жылдан бери өкмөттөрдүн алмашканы себеп болду. Тиги күнөөлүү, бул күнөөлүү дебей, кемчиликти кантип оңдоо керек дегенди үйрөнүшүбүз зарыл”, - дейт Баатырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, юрист Канатбек Азиз, укук коргоочу Рита Карасартова жана эксперт Бурул Макенбаеванын пикири бул шилтемеде.