Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.
SUPER.KG порталынын "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген соболуна депутат Чыныбай Турсунбеков жооп берди.
Турсунбеков жаңы кодекстерди, мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча 2 жыл аралыгында эч кандай аракеттер болбогону бүгүн көрүнүп турганын айтты.
“Кодекстерди, мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн өкмөткө 2 жыл убакыт берилген. Тилекке каршы, 2 жыл аралыгында эч кандай аракеттер болбогону бүгүн көрүнүп турат. Жаңы кодекстер, мыйзамдардын ишке ашуусу боюнча аракет кылбаган, милдетин аткарбагандар жоопкерчиликке тартылышы керек”, - дейт Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Курманкул Зулушев, Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, юрист Канатбек Азиз, укук коргоочу Рита Карасартова жана эксперт Бурул Макенбаеванын пикири бул шилтемеде.