Бурул Макенбаева, эксперт: "Мыйзам кабыл алынгандан кийин жоопкерчилик аткаруу бийлигинде болот"

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.

SUPER.KG порталынын "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген соболуна эксперт Бурул Макенбаева жооп берди.

Ал өлкөдө кабыл алынган мыйзамдарды өз учурунда окуп, талкууга албаган жарандарда да жоопкерчилик бар деген пикирин айтты.

"Негизи аткаруу бийлиги жооп бериши керек. Ошон үчүн аткаруу бийлиги деп айтылат. Кодекстер кабыл алынганына көп жыл болду. Өз учурунда жарыялангандыктан элде да ошол учурда окуп чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон. Жарандардын дагы таптакыр пассивдүү болгону туура эмес. Албетте, коомчулук да кодекстерди күчүнө киргенге чейин талкуулашы керек эле. Жарандар мындан ары да киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө талкууга коюлганда жакшы көңүл буруп турушу зарыл. Бизде өзүңдөн башка баары күнөөлүү эмеспи. Ар бирибиз жоопкерчиликти алсак. Азыркы учурда мыйзам кабыл алынган, эми мыйзам аткарылышы керек. Айып пул жол эрежесин бузгандарга көп салынып жатса, демек, жол эрежесин бузбаш керек. Ансыз деле жол кырсыктарынан каза болгондордун саны боюнча өлкөбүз алдыңкы орундарда турат", - деди Бурул Макенбаева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Курманкул Зулушев, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, юрист Канатбек Азиз жана укук коргоочу Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан