Депутат Курманкул Зулушев: "Жаңы кодекстерди ишке киргизүү боюнча өкмөт эч кандай иш-чараны аягына чыгара алган жок"

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.

SUPER.KG порталынын "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген соболуна депутат Курманкул Зулушев жооп берди.

Ал өкмөт жаңы кодекстерди ишке киргизүү боюнча иш-аракеттерди көрүшү керек болчу деген пикирде.

"Жаңы кодекстерди ишке киргизүү боюнча өкмөт эч кандай иш-чараны аягына чыгара алган жок. Буга өкмөт жооп бериши керек. Кодекстерди жазууда чет мамлекеттерден олчойгон каражаттарды алуу боюнча, туура эмес нормалардын киргенине жумушчу топ, демилгечилер жооп бериши шарт. Бирок жооп берип эле калбай, бүгүнкү күндө жаңы кодекстерди, мыйзамдарды ишке киргизишибиз зарыл. Артка жол жок. Артка кайтсак туура эмес болуп калат”, - дейт Зулушев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, юрист Канатбек Азиз, укук коргоочу Рита Карасартова жана эксперт Бурул Макенбаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан