Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев: “Биздеги президенттик башкарууну парламенттик башкарууга өткөрмөйүнчө мамлекеттеги систем оңолбойт”

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.

SUPER.KG порталынын "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.

Анын айтуусунда, Кыргыз мамлекетинде түзүлгөн системде көйгөй бар.

“Бизде бийликтеги бир кишини колдоп бермей адат болуп калды. Бул Алмазбек Атамбаев учурунда көп болгон. "Жогору жактан буйрук келип жатат, ушуну колдоо керек" деген тапшырманы парламент Советтер Союзу учурундагыдай эле көпчүлүк добуш менен колдоп берип коюп жатышты. Өлкөдө мыйзам чыгаруучу орган бардык маселеге көз салып, президентке баш ийбеген бутак болгондо мындай көйгөй болмок эмес. Биздеги президенттик башкарууну парламенттик башкарууга өткөрмөйүнчө мамлекеттеги систем оңолбойт. Ошондуктан башкы прокурорду, өкмөт башчыны, министрлер кабинетин дайындоо боюнча мыйзамды кайра карап оңдомоюнча мындай көйгөйлөр боло берет. Бул жерде парламент өзү жоопкерчиликти албайбы дегендер болушу мүмкүн. Бирок кеп парламенттин президенттик институтка баш ийип жаткандыгында болууда. Бир кишинин өзүн атай албайбыз, системди айтсак болот”, - деди Качкынбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Курманкул Зулушев, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, юрист Канатбек Азиз, укук коргоочу Рита Карасартова жана эксперт Бурул Макенбаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан