Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.
SUPER.KG порталынын "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Ал жоопкерчиликти биргелешип бүт тармактар алышы керек экенин айтты.
“Бири-биринен ким күнөөлүү экенин издегендик - бул бүгүнкү күндө туңгуюкка алып бара турган жол. Кээ бир саясий күчтөр ошол туңгуюкка алып келгенге кызыкдар болуп жатат. Ошондуктан ага жол бербөө керек. Мындай реформалар кошуна мамлекеттерде дагы болгон. Аларда деле кыйынчылыктар орун алган. Бир дагы мамлекет асмандан түшкөн мыйзамды ишке киргизип кеткен эмес. Анткени баарына жаккан мыйзам эч качан болбойт. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары күнөөлүү жана күнөөлүү эместерди баса калып камаганга мүмкүнчүлүк болбогон нормаларды киргизип койду. Алар үчүн бир топ коррупциялык эшиктер жабылгандыгына байланыштуу чоң маселеге айлантышууда. Эгерде биз ушул кодекстердин иштеп кетишин кааласак эксперттердин тобун чакырып, тез арада кабыл алып, туура багытка салышыбыз керек. Депутаттар өкмөт жаман, өкмөт депутаттар жаман деп отура берсек бул жарабаган мыйзам экен деп, муну кайра артка тартканга туура келип калат. Ал эми артка жол жок. 5 жылга деле токтотуп койсок, 5 жылдан кийинки кейпибиз азыркыдай эле болот”, - деди Карасартова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Курманкул Зулушев, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, юрист Канатбек Азиз жана эксперт Бурул Макенбаеванын пикири бул шилтемеде.