Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов: “Ар бир реформанын арты ушундай кыйынчылык менен болот”

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.

SUPER.KG порталынын "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген соболуна депутат Жыргалбек Турускулов жооп берди.

Эл өкүлү жаңы кодекстерди, мыйзамдарды иштетүү боюнча алдыга жылуу керектигин айтты.

“Парламент кабыл алган, өкмөт мыйзамды аткарыш керек. Тилекке каршы, өкмөт аткаруу жагынан начар болуп жатат. Жаңы кодекстер, мыйзамдар боюнча кечээ эки комитетте, бүгүн парламентте талкуу болду. Мүчүлүштүктөрдүн баарын жоюп, мыйзамды иштетиш керек. Бул мыйзам керек. Ар бир реформанын арты ушундай кыйынчылык менен болот. Жетишкен өлкөлөрдө деле ушундай мыйзам кабыл алынганда мүчүлүштүктөр болот. Баарыбыз тартип деп тилейбиз. Тартип бузган адам жоопкерчилигин алышы шарт. Менин оюмча, айлык маяна, жашоо-турмушка ылайык айып пул салынышы керек деген сөз туура эмес. Анткени мыйзам бузуу болбосо айып пул төлөбөйт да. Парламент мыйзамды кабыл алып жатканда мүчүлүштүктөр кетип калган. Практика жүзүндө көрүп жатабыз. Мындай процесс боло берет. Анткени жашоо-турмуш өсүп жатат. Мыйзамдарды тууралап туруш керек. Бул боюнча өкмөт элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек”, - дейт Турускулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Курманкул Зулушев, Чыныбай Турсунбеков, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, юрист Канатбек Азиз, укук коргоочу Рита Карасартова жана эксперт Бурул Макенбаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан