Жогорку Кеңеште эл аралык келишимдерди милдеттүү түрдө тараптардын тилдеринде түзүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Кечээ, 23-январда Жогорку Кеӊештин жыйынында "Эл аралык келишимдер" жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Депутат Акылбек Жапаров билдиргендей, мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз тарапка мамлекеттик насыя, гранттарды берүү жөнүндө донорлор, эл аралык финансылык институттар жана уюмдар менен эл аралык келишимдерин түзүү учурунда тараптар үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыкты. Ал келишимди милдеттүү түрдө тараптардын тилдеринде, башкача айтканда, чет өлкөлүк жана расмий тилдерде түзүүнү карайт.

Талкууда бир катар эл өкүлдөрү маселе эл аралык келишимдердин котормосунун сапатында экенин баса белгилешти. Демилгечи депутат эл аралык келишимдерге кол коюлуп жатканда документтин англис тилине кол коюлган сыяктуу эле кыргыз жана орус тилдерине дагы кол коюлуусун сунуштап жатканын түшүндүрүп берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан