Асеин Исаев Кыргыздын Индиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Исаев 2010-жылдан 2013-жылга чейин Тышкы иштер министрлигинде статс-катчылык кызматты аркалап келген. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы элчиси, кийин Франциядагы жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болуп келген.
Өмүр баяны:
Асеин Исаев 1963-жылы 22-декабрда Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү.
1981-1986-жылдары Екатеринбург шаарындагы М.Горький атындагы Урал мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган;
1989-1992-жылдары Москва шаарындагы М.Ломоносов атындагы Москва университетинен аспирантураны окуган. Философия илимдеринин кандидаты.
1986-1989-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде мугалим;
1994-1995-жылдары Тышкы иштер министрлиги, КМШ башкармалыгы, атташе, үчүнчү катчы;
1995-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилиги, экинчи катчы;
1999-2001-жылы Президенттин администрациясы, президенттин маалымат кызматы, референт;
2001-2002-жылдары Тышкы иштер министрлиги, эл аралык коопсуздук башкы башкармалыгы, жетекчи;
2002-2005-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Индиядагы элчилиги, кеңешчи;
2005-жылы Тышкы иштер министрлиги, эл аралык экономикалык кызматташууну пландоо башкармалыгы, жетекчинин орун басары;
2005-2009-жылдары Тышкы иштер министрлиги, КМШ департаменти, директор;
2009-жылы Тышкы иштер министрлиги, статс-катчы;
2010-жылдын 25-ноябрынан тарта Тышкы иштер министрлигинде статс-катчы;
Үй-бүлөлүү.