Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун бир тууган агасы Нурлан Зулпукаров 47 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге депутаттын жакындары тастыктады.
Маалым болгондой, Нурлан Зулпукаров 22-январь күнү жүрөк оорусунан улам көз жумуп, сөөгү 23-январда өзү туулуп-өскөн Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жерге берилди.
Нурлан Зулпукаров үй-бүлөдө 8 бир туугандын үчүнчүсү. Ал эми өзү 3 уул, бир кыздын атасы болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Төрөбай Зулпукаровдун бир тууган агасы дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.