Депутат Рысалиев: "Өкмөттүн кадр саясатында аймактык теңчилик сакталбай жатат. Талас Кыргыз мамлекетинин курамына киреби?"

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев өкмөттүн кадр саясатында аймактык теңчилик сакталбай жатканын айтты.

"Бүгүн жыйынга премьер-министр келет деп айтылды эле келбей калды. Өкмөт башчыдан Талас облусу Кыргыз мамлекетинин курамагындабы деп сурайын дедим эле. Кубатбек Айылчиевич, Таласты Кыргыз өлкөсүнүн курамынан чийип салган эмес белеңер?"- деп депутат вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдон сурады.

Кубатбек Боронов: "Талас Кыргыз мамлекетинин курамында экенин сиз деле жакшы билесиз. Болбосо сиз бул жерде отурбайт элеңиз да", - дейт.

Рысалиев: "Талас Кыргыз мамлекетинин курамында болсо, анда эмне үчүн кадр саясатында аймактык теңчилик сакталбайт?" - деп сурады.

Боронов бул маселе эске алына турганын билдирди. "Бул маселе боюнча каралып жатат. Азыркы маселе боюнча айта турган болсок, Бейшеновдун талапкерлиги кесипкөйлүгүн, теориялык билими жогорку экенин карап сунуш берилди", - дейт Боронов.

Рысалиев: "Ошондо премьер-министр экөөңөр таластык жигиттер кесипкөй эмес, билими тайкы, начар адамдар дегени турасыздарбы?" - дейт.

Боронов антип айтпаганын белгиледи.

Учурда парламентте транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралып жатат.

Депутат "Эмнеге таластыктарды министрликке сунуштабайсыңар?" деп нааразы болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан