Жогорку Кеңеш транспорт министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин колдоду. Жалпы 94 депутат катталып, баары "макул" деп добуш беришти.

Анын талапкерлиги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан сунушталган.

Жанат Бейшенов 1970-жылы туулган. 1993-1996-жылдары "Альтаир" соода-сатык компаниясында иштеген. 1996-1997-жылдары "Эржан" Кыргыз-Орусия биргелешкен ишканасынын директору болгон. 1998-2000-жылдары өкмөт аппаратында иштейт, 2005-жылга чейин Чехиядагы соода-сатык боюнча өкүл болгон. 2005-жылдын октябрь айында транспорт министринин орун басары кызматына келген. 2017-жылы Евразия экономикалык комиссиясында темир жол транспорту бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2014-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан