АКШнын президенти Дональд Трампка Конгрессте баяндама жасоосуна уруксат берилген жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Ак Үйгө кат жазып, президент Дональд Трамп кийинки жумада өлкөдөгү абал тууралуу Конгрессте баяндама жасай албай турганын билдирген.
"Федералдык өкмөттүн иши толук калыбына келмейинче президенттин Конгрессте сүйлөөсүнө уруксат бере турган резолюцияны карабайбыз", - деп жазган Пелоси.
Буга чейин "шатдаунга" байланыштуу парламенттеги сөзүн кийинкиге жылдыруу тууралуу Пелосинин өтүнүчүнө карабастан, Трамп Конгрессте баяндама жасай турганын айткан.
"Спикер чындыкты уккусу келбегендиктен ушундай чечим кабыл алды", - деп жооп берген Трамп.