Валентина Шевченконун кийинки атаандашы белгилүү болду

Эрежесиз уруш боюнча дүйнөдөгү эң беделдүү уюму UFC'нин президенти Дана Уайт Кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченконун кийинки атаандашын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Эң жеңил салмак чениндеги чемпиондук курдун ээси Валентина Шевченко кийинки беттеште АКШлык Жессика Ай менен кез келүүсү мүмкүн. Жессика Ай 2018-жылда эң жеңил салмак ченинде 3 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен", - деп айткан Дана Уайт.

Жессика Ай карьерасында 20 беттеш өткөрүп, 14 жолу жеңишке жетип, 6 жолу жеңилип калган. Учурда ал UFC'нин эң жеңил салмак ченинде 1-орунду ээлейт.

Валентина Шевченко болсо декабрь айында чемпиондук кур үчүн Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңишке жеткен. Учурда ал эң жеңил салмак чениндеги чемпиондук курдун ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sizge.kat
2019-01-25 13:48:15
Биздин сулуу кызыбыз аллах каалаласа анынардын да эсебин чыгарат
+2
altyn7776
2019-01-26 11:51:27
Sizge.kat,туура жазчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан