АКШда 10 жыл комада жатып төрөгөн аялды зордуктады делген шектүү кармалды

АКШда 10 жылдан бери комада жатып наристелүү болгон аялды зордуктады делген адам кармалды. Кармалган жаран бейтап жаткан оорукананын кызматкери болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 10 жыл бою комада жаткан бейтап дени-карды соо наристе төрөгөн. Ымыркайды аялдын туугандары багып алышкан. Бул окуядан кийин бейтапты караган дарыгер жумуштан айдалган. Ал эми ооруканада эмгектенген эркек кызматкерлер ДНК тест тапшырышкан. Анын натыйжасында зордуктоого шектелип 36 жаштагы Натан Сазерленд кармалган.

Кармалган жаран кылган иши боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. АКШнын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, кармалган жаран кылган иши тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартканга укуктуу. Натан Сазерленд 500 миң доллар акча төлөөгө милдеттендирилип, бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kattaldym
2019-01-25 15:19:23
Комада жатып эле 500 мин таап коюптур...
-17
Lukman-Hakim
2019-01-25 15:44:31
Kattaldym, Сенин тууганың комада жатканда ушул иш болсо көрөт элем, ошондо "комада жатып 500 миң доллар таптык" деп мактана алат бекенсиң.
Өзү өлүм төшөгүндө жатса аны зордуктаган адам адам эмес айбан, атып салыш керек болчу!
+12
Umakg
2019-01-25 15:23:50
Койчу э кудай сактасын мындай ннрседен
+1
Nevestkaa
2019-01-25 15:26:55
Ушундай да конституция болобу?Кылмышты кылып көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.
+1
Merch
2019-01-25 15:51:11
Nevestkaa, Болот да. Бизде деле айдоочуларды ичкенин текшерүүдөн баш тартса 5500с айып пул деп атышат го.
+2
Dembele84
2019-01-25 15:42:29
Камагандан коро 500000долларды багып алган адамдар жаш наристеге жумшайбыз дегендир да
+2
bazar
2019-01-25 16:13:10
Бул кылмыш эмес жакшы иштин да себепкери болуп жатат
-13
Michelangelo
2019-01-25 16:27:14
bazar,мал экенсиң, ушундай ойго барсан, сени да текшериш керек экен, жакшы иштин себепкери болуп жатам деп арам ойлорунду ишке ашырып журоттурсун мүмкүн..
+10
al-abu-kinesz
2019-01-25 17:26:49
Нечендеген жылдар бою озгортуусуз закон менен жашап келген Америкосторго Конституцияга кантип оной эле реформа киргизууну уйротуп коюшубуз керек экен.
0
-FREEDOM-
2019-01-25 19:07:55
Мынча туру суук
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан