Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.
"Ичиме катылган бул сырды акыретте да айтпайм дечүмүн. Бирок ал оюмду базардагы карапайым сатуучу өзгөрттү. 4 айга жаңы толгон кызымды көтөрүп азык-түлүк алып жүргөм. Колум талыганынан баштыгымды коюп саамга токтоп калдым. Ал ортодо жашы 40ты таяп калган бейтааныш аял "кызыңды сүрөткө тартып алайынчы, уруксат бересиңби?" деп ары жактан шашып басып келди. Балапанымды колумдан жулуп алчудай боорума кысып, "жок, эмне кыласыз?" дедим чочулап. Аянычтуу карап "жаш балдарды жакшы көрөм. Болбойбу, ээ?" деп телефонун бооруна кысып үмүттүү карап бурулуп кетти. Кайра келип билгизбей сүрөткө тартып алчудай шашып жөнөдүм. Артыма бурулганымда эже дагы үн катты..."
Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.