"Мисс Москва-2015" сынагынын жеңүүчүсү Оксана Воеводина жолдошу, Малайзиянын мурдагы падышасы Мухаммад V менен ажырашат деген кептерди модель кыздын пресс-катчысы Мария Шахова четке какты. Бул тууралуу ал орусиялык маалымат агенттиктердин бирине кабарлаган.
Маалыматка ылайык, Шахова жубайлардын
ажырашуусу тууралуу маалымат эч ким тарабынан тастыкталбаганын жана бул жөн гана ушак кептер экенин айткан.
2018-жылы 22-ноябрда 49 жаштагы Мухаммад V "Мисс Москва-2015" сынагынын жеңүүчүсү, 25 жаштагы орусиялык модель Оксана Воеводинага
баш кошкон. Ал эми алардын ажырашуусунун себеби Мухаммад V'тин өз эрки менен тактан
баш тарткандыгынан улам деген маалыматтар тараган.