Мындан 193 жыл мурун, 1826-жылы 27-январда орусиялык жазуучу Михаил Салтыков-Щедрин Орусиянын Тверь губерниясындагы Спас-Угол айылында төрөлгөн. Москвадагы дворяндык институтта билим алып, Белинский, Герцен, Гоголдун чыгармачылыгынан таасирленип, ыр жаза баштаган. Анын "Карама-каршылыктар" (1847), "Чаташкан иш" (1848) аттуу социалдык маселелерди козгогон алгачкы повесттери бийликтегилердин көңүлүн бурдурган. 1850-жылы жазуучуну Губерниялык башкармалыктын кеңешчиси кылып дайындашкан. Бул кызмат орду ага аткаминерлердин жана карапайым калктын жашоосуна байкоо жүргүзүшүнө шарт түзгөн. 1856-1857-жылдары "Губерниялык очерктер" эмгегин жаратып, Орусиянын окурмандары аны бул эмгеги үчүн "Гоголдун мураскери" деп аташкан. 1869-1870-жылдары Салтыков-Щедрин "Бир шаардын тарыхы" чыгармасын жаратып, ал жазуучунун сатиралык искусствосунун туу чокусу болгон.
1880-жылдары анын сатирасы кульминациялык чекке жеткен. Алсак, бул мезгилде жазуучу "Заманбап идиллиялар", "Головлёв мырзалар", "Пошехондогу аңгемелер", "Жомоктор", "Жашоонун майда-чүйдөлөрү" жана башка эмгектерин жарыкка чыгарат.
М.Салтыков-Щедрин 1889-жылы 10-майда Петербург шаарында көз жумган. Анын чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет.
27-январга карата жылнаама.