Германияда даарат кагазынан баш тартып, анын ордуна сууну колдонуу сунушталып жатат. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, даарат кагазынан баш тартуу сунушун германиялык журналист Лара Тиде жасаган. Тактап айтканда, ал жергиликтүү гезитке даарат кагазынын зыяндуулугу, аны даярдоо жана башка изилдөөлөрү тууралуу макала жарыялаган. Лара Тиденин статистикасы боюнча Германияда бир үй-бүлө жылына орточо эсеп менен 93 даана даарат кагазын пайдаланат. Демек, Германия калкы бир жылда 1 миллиард тоннага жакын кагазды пайдаланат. Мындай көлөмдөгү даарат кагаздарын даярдоо үчүн бак-дарактар кыйылып, экологияга чоң зыян келтирилип жатканын жазган.
Лара Тиде даарат кагазынын ордуна сууну пайдалануу тери ооруларынын алдын алып, ден соолукка пайдалуу экенин айткан.