Улуу Британиянын тургуну өзүнүн жуурканына турмушка чыгат

Улуу Британиянын Эксетер шаарынын тургуну өзүнүн жуурканына турмушка чыгат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, той 10-февралга белгиленген. Өзүнүн одеялосу менен турмуш курууну чечкен 49 жаштагы Паскаль Селлик тоюна каалоочулардын баарын чакырган.

“Мен жуурканымды аябай жакшы көрөм. Мага керектүү учурда ал дайыма жанымда болгон. Анан дагы ал мени менен кучакташып, дайыма менин колдоочум болуп келет. Менин тоюма келүүчүлөр пижама же төшөккө кийип жатуучу кийими менен келиши керек. Ошондой эле жумшак оюнчуктарын ала келсе болот”, - деп билдирген турмуш жолуна аттана турган аял.

Жансыз буюмдарга болгон сексуалдык жана эмоционалдык кызыгуу дарты объектофилия деп аталат. Буга чейин Швециянын Эклоф Берлинер-Мауэр аттуу тургуну 1979-жылдан баштап өзүн "Берлин дубалынын" жубайымын деп коомчулукка жар салган. Ошондой эле 2007-жылы америкалык Эрика ЛаБри аттуу аял Эйфель мунарасына турмушка чыкканын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Umakg
2019-01-28 16:49:37
Кудай сактасын
+4
Bars88
2019-01-28 16:55:52
Жон эле атын чыгарайын деген бир келесоо да.Аны чыгарбай деле койсонор болот эле
+6
souza.j
2019-01-28 17:01:13
Обу жок.
+4
tular
2019-01-28 17:23:53
Батыштагыларга боло берет...
Биздин элди ушундайдан Кудай сактасын.
+2
bond02
2019-01-28 17:32:09
Анда мен уйлонгучо жууркан менен эле жашап жургон экем да.
+7
keba300989
2019-01-28 17:32:16
жуурканы деген эмне
+1
AIA-TOO
2019-01-28 18:12:38
keba300989, Үстүнө жапкан "Көрпө" дегени.
+1
al-abu-kinesz
2019-01-28 17:45:03
Кечирип кой жуурканым сен эми эскирдин, жыттанып да баратасын, кечээ курбумдукунда туноп калып жапжаны кооз плет менен жатып жактырып калдым. Сени менен жашасам балалуу болчудай эмесмин... кеттим...))))))
+4
AIA-TOO
2019-01-28 18:11:51
Батышты ээрчигендерге сабак)). Бул эми одеялонун бурчегин шиштеп туруп ошону менен иш кылат окшойтко).
-5
Azatbek.Svoboda.
2019-01-28 20:46:05
AIA-TOO,+++++++++++++
-2
Sary-Bala
2019-01-28 18:45:08
Куйбогон жерди кул кылатго бул
+2
Nargiza1987k
2019-01-28 18:53:28
Мага демек ич киймине уйлонбойбу буларга тан калганча итке тан калган жакшы
+3
mederkg
2019-01-28 19:04:48
Майда майда жер тошоктор кобойот экен да деп эле хехе
+1
Alinur96kg
2019-01-28 19:22:52
Олтуруп кетти, жардырып жиберди,зордуктап кетти дегенге караганда жакшы жанылык экен.
+4
Skarlett-Skarlett
2019-01-28 20:32:33
Кулкулуу!!!
0
Azatbek.Svoboda.
2019-01-28 20:45:26
Админ дагын бироосу Пираты карибского моря деген кинодогу Капитан Джек Воробейге да турмушка чыкты элего?!
+2
Samat777
2019-01-29 01:54:20
Мен да жуурканыма үйлөнөм жакында. Баарынарды чакырам))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан