Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу малайзиялык клуб менен келишим түздү

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Тамирлан Козубаев малайзиялык футболдук клуб менен келишим түздү.

Белгилүү болгондой, буга чейин "Дордой" футболдук клубунда ойноп келген Тамирлан Козубаевдин келишими аягына келип, эркин агент катары малайзиялык ПКНС футболдук клубуна өттү. Оюнчу менен клубдун ортосунда 1 жылдык келишим түзүлдү.

24 жаштагы Тамирлан Козубаев "Дордой" клубунда негизги оюнчулардын бири болуп келген жана Кыргыз улуттук курама командасы менен Азия Кубогунда 4 оюнга катышып, өзүн мыкты көрсөтө алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2019-01-28 22:35:57
Азамат. БАЭ менен ойногондо 2 голдон калтырдын бирок
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан