Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамп Вьетнамда жолугушат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Ак Үй Дональд Трамп кезектеги саммит боюнча түндүк кореялык кесиптешине кат жолдогонун тастыктаган.
"Азырынча саммиттин так мөөнөтү аныктала элек. Жолугушуу Вьетнамдын Дананг шаарында өтөрү белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Алгачкы эки тараптуу саммит 2018-жылдын июнь айында Сингапурда өткөн. Анда Корей жарым аралындагы абал, өзөктүк курал жана башка маселелер боюнча сүйлөшүү жүргөн.