Венесуэланын президенти Николас Мадуро АКШнын лидери Дональд Трамп менен жолугушууга даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн ички иштер министрине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, учурда АКШда Венесуэланын дипломаттары калган эмес.
"АКШ Мадуронун президент экенин кыйыр түрдө болсо да таанып жатат. Мадуро өлкөдөгү тынчтык үчүн Трамп менен жолугушууга даяр", - деген венесуэлалык чиновник.
Жыл башында Венесуэлада саясий кризис башталып, 23-январда оппозиционер Хуан Гуайдо өзүн өлкө президенти деп жарыялаган. Аны АКШ, Израиль сыяктуу мамлекеттер тааныганы менен, Орусия, Түркия жана Кытай Мадурону өлкөнүн мыйзамдуу лидери катары көрүүдө.