Окумуштуулар коңуруктун үнүн басаңдаткан жаздык чыгарышты

Окумуштуулар коңуруктун үнүн басаңдаткан жаздыкты ойлоп чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын Иллинойс университетинин ойлоп табуучуларынын маалыматына таянып жазып чыгышкан.

Белгилүү болгондой, жаздыктын ичинде динамика, 3 микрофон жана үндү фильтрлөөчү жабдыктар бар. Ал жабдыктар коңуруктун үнүн басаңдатат. Мындан улам жанындагы адамдарга коңуруктун үнү билинер-билинбес абалда угулат.

"Үндүн бийиктигин басаңдатуучу акустикалык системдер буга чейин деле колдонулуп келген. Бирок алар коңуруктун үнүн толугу менен басаңдата алган эмес. Мисалы, азыркы иштеп чыккан жаздык коңуруктун үнүн 30-31 децибелге чейин басаңдатса, буга чейинкиси 22 децибелге чейин басаңдата алчу", - деген окумуштуулар тобу.

Коңуруктун дабышынын бийиктиги 50-60 децибелди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Benazir08
2019-01-29 11:22:16
Шумдук го. Бирок конурукту комкоросунон жатып тартышпайт да чалкасынан жатып тартышат анда оозуна коюп коюш керекпи? Жутуп алат унун деп. Замандын онуккону неси болсо да канча турат экен баасы арзаныраак болсо бирого оззум колум мн апарып бермекмин
0
senchi
2019-01-29 12:47:52
Benazir08,Хаха жардынго
0
ABAkg86
2019-01-29 13:44:10
Мына сага десе. Кемпирим укса таап келип менин башыма коюп берет го. Кырынан жат деп адамдын уйкусун бузбай . :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан