Азия Кубогу: Финалда Катар менен Япония курама командалары беттешет

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун финалында Катар менен Япония курама командалары кездешет.

Кечээ, 29-январда Абу-Даби шаарында Катар курама командасы жарым финалдын алкагында талаа ээлери БАЭ курамасын ири эсепте жеңип алып финалга чыккан. Ал эми 28-январда Япония менен Иран курамалары кездешип, япониялыктар 3:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Эми Азия Кубогунун финалында Катар менен Япония курама командалары кездешет. Оюн 1-февраль күнү Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт сити" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Мелдешке Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу катышып, тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
dastan_nookat
2019-01-30 10:12:58
3 орун учун бетеш качан болот
+2
bond
2019-01-30 10:19:39
dastan_nookat,болбойт.
-1
nurbek11
2019-01-30 11:49:25
БАЭ чыныгы оюн корсоткондо Кыргызстандан эле утулуп дем алышмак. Судялардын жардамы менен ушул жерге келишти.
0
Modric10
2019-01-30 12:12:31
Келип келип бизге кытай судья болгону окундурот.башка калыстар аябай эле чечкиндуу карашты.
БАЭ кечинде да симуляция кылышып атты бирок калыс таза карап койду
0
aszyma
2019-01-30 15:39:40
Иран менен БАЭ качан ойнойт. Тарпыны чыгарып таштайт Иран БАЭнин.
Ирандын оюнчуларыда күчтүү.
0
Kristianuronaldu
2019-01-30 20:12:16
Кубок мусулман мамлекттеринде катар олкосундо калсын
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан