Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Учурда Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралууда.
Мындан тышкары жыйында "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат.
Жыйындын 1-бөлүгү