Кечээ, 24-ноябрда Бишкекте тротуар менен жүргөн Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна протокол түзүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарга тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, айдоочунун жол эрежесин бузганы аныкталды. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чаралар көрүлдү.