Япониялык 24 жаштагы Мурияма аттуу кыз сүйүктүү мырзасы менен күн сайын таанышууга мажбур. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, кыз 9 ай мурда жол кырсыгына кабылгандан кийин эс-тутумун жоготкон.
Белгилүү болгондой, Мурияма жигити
Ли Хуаю менен 2 жарым жыл кыз-жигит катары мамиле түзүп келишкен. Алар турмуш курабыз деп жатканда Мурияма жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган. Кырсыктын кесепетинен Мурияма эс-тутумун жоготуп жакындарын, досторун жана сүйүктүүсү Ли Хуаюну тааныбай калган.

Мындан улам түгөйлөрдүн үлпөт тою болбой калган. Ли Хуаю "Мурияма мени бир күнү сөзсүз эстейт" деген ишеним менен жашаган. Бирок 2 айдан кийин кыздын абалы жакшырмак түгүл, мындан 1 күн мурунку окуяларды эстей албай баштаган. Ал күн сайын жакын адамдары менен кайрадан таанышканга мажбур болгон.
Дарыгелер Муриямага күн сайын болгон окуяларды жазып коюуну сунушташкан. Себеби бул анын эс-тутумунун кайтуусуна жардам бермек. Бир жолу Мурияма дарыланып жаткан учурдагы бардык окуяларды жазып калып, кийин аны окуп чыккан. Бул көнүгүүдөн кийин Мурияма жигити аны берилип сүйөрүн түшүнүп, сүйүктүү мырзасына үйлөнүү тууралуу сунуш жасаган.
Мурияманын окуясы АКШлык режиссёрлор тарткан "50 алгачкы өбүшүү" тасмасын реалдуу жашоодо кайталап жаткандай. Анткени "50 алгачкы өбүшүү" тасмасынын башкы карманы Люси жол кырсыгынын кесепетинен амнезия оорусуна кабылат. Ал жол кырсыгына чейинки окуяларды эстей алат, бирок жол кырсыгынан кийин эмне болгонун билбейт. Күн ичинде болуп жаткандарды унутуп калат. Анын сүйүктүү мырзасы Генри күндө болуп жаткан окуяларды видеокасетага жаздырып турат. Генри видеолорду эртең менен сүйүктүүсүнө көрсөтүп, маанилүү учурларды эсине салып турат.