Аргентиналык 22 жаштагы жигит Майкл Жексонго окшошуу үчүн 11 ирет пластикалык операция жасаткан

Аргентинанын Лео Бланко аттуу тургуну поп-музыканын падышасы Майкл Жексонго окшошуу үчүн 44 миң доллар каражат короткон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, Лео Бланко 22 жашта. Ал ушул убакка чейин поп-музыканын падышасына окшошуу үчүн 11 ирет пластикалык операция кылдырган жана мындан ары дагы улантууну көздөйт. Учурда ал маркум Майкл Жексондун бийин жана ырларын аткаруу менен каражат табат.

Лео Бланко өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү айткан.

"Ар бир жасаткан пластикалык операция келбетимдин кумириме окшошуусуна 1 кадам жакындатат", - дейт ал.

Лео Бланконун апасынын айтымында, уулу Майл Жексонго окшошууну өтө олуттуу кабыл алат. Анысы аз келгенсип пластикалык операция жасатууну ал чач-тарачка баргандай эле жеңил ойлойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurbek1212
2019-01-30 16:04:15
Окшошпой калган го
+4
Nevestkaa
2019-01-30 17:58:09
Окшоп калыптыр го Жексон 50дөн ашуун операция кылдыргын дешет,бул бала да Майклдын жашына жеткиче операциясынын саны да жетип калат экен.Доктурдан кудай сактасын деп эле жүрө бербейби оорубагандан соң.
+2
bond02
2019-01-30 19:06:26
Лучше Майкл Жексондун жанына барып эле жатып албайбы.
-2
vikidiki
2019-01-31 06:09:05
Ушу менен токтотуп эле Грим, макияждын жардамы менен журо берсе болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан