Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнө талапкерге добуш берүү боюнча буга чейин айтылган сунуштар жокко чыгарылды

Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнө талапкерге добуш берүү боюнча буга чейин айтылган сунуштар жокко чыгарылды.

Мындай сунушту депутат Асылбек Жээнбеков берген. Анын сунушун 91 депутат "макул" деп добуш берди.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин чечими менен талапкерлерге рейтингдик добуш бериле турган болду.

Учурда Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралууда.

Депутаттар түшкө чейин талапкерлерге жашыруун добуш беришип, эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алды. Айрым эл өкүлдөрү жыйынга келбеген талапкерге добуш берилбей калганын айтышып, чечим жокко чыгарылды. Кайрадан добуш берүү маселеси каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан