WhatsApp`тын колдонуучулары өчүрүлгөн каттарды кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн таап алышты

WhatsApp мессенжеринде колдонуучу тарабынан өчүрүлгөн каттарды эми окууга мүмкүн болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, өчүрүлгөн каттарды калыбына келтирүү коргоо үчүн көчүрүп алуу функциясы аркылуу ишке ашырылат. Бул резервдик көчүрүү функциясы WhatsApp тиркемесинде иштеп чыгуучу тарабынан башынан эле орнотулган. Өчүрүлгөн билдирүүлөрдү калыбына келтирүү үчүн алгач уюлдук телефондон WhatsApp мессенжерин өчүрүп, андан кийин кайра көчүрүү керектелет. Тиркемени өчүрүп кайра көчүргөн учурда маектеш менен болгон жазуулар, аудиолор, анын ичинде өчүрүлгөн билдирүүлөрдүн архиви да калыбына келет. Ошондой эле билдирүүлөрдүн мурда өчүрүлгөндүгү билинбей калат.

Өчүрүлгөн билдирүүлөрдү калыбына келтирүү үчүн тиркеме же телефон жаңыланбаган болуш керек. Бул ыкма iPhone, Android системдери үчүн иштейт.

Буга чейин WhatsApp тиркемесинин түзүүчүлөрү СМСти "бардыгынан өчүрүп салуу" жаңы функциясын киргизген. Ага ылайык СМСти өчүрүү үчүн 1 саат 8 мүнөт убакыт берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Umersam
2019-01-30 17:47:12
Бүт секреттерди ача турган болду,вайбер иштетет окшойбуз эми.
+8
Pandora
2019-01-30 23:09:31
Umersam,))))
0
bond02
2019-01-30 19:01:56
Ватсапптын чону аял окшойт, куйоосун артынан калбай акмалаган.
+12
aliya-leyla
2019-01-30 19:49:27
bond02,:)))))))))
+4
Adilet2014
2019-01-30 19:13:00
тушунбой калдым кантип очуруп кайра кочуруп, очуруп кайра кочурсон уже жаны версиясын кочуросун да
0
Pandora
2019-01-30 23:10:24
Не кереги бар?
+1
Nurtilek06
2019-01-30 23:14:40
Мен очуруп кайра кочурсом эч нерсе озгорбоду го
+2
aiza1994
2019-01-31 02:26:34
Каттын ээси калыбына келтиреби же маектеши калыбына келтиреби? Егер маектеши калыбына келтире алса керектуу функция деп эсептейм
0
Liora
2019-01-31 03:22:01
Бир жолу вотсаптан банктын коду очуп калып смсти восстановления кылганга жардам сурасам мумкун эмес дешти эле ырас болуптур
0
vikidiki
2019-01-31 05:55:28
3-мировая башталып кетет го.
0
Abdyrashit.Satylganov
2019-01-31 10:07:05
Бул мурда эле бар болчуго, СМСтер Google дискте сакталат. Ватсаптын настройкасынан "автоматический копирование" дегенди жандыруу керек, анан сөзсүз Google Диск болушу шарт, ошондо гана өчкөн смс кайра ордуна келет. Ватсапты өчүрүп кайра орноткондо востоновит баскычы чыгып, кайра орнотулат. Super.kg толук маалымат берсеңер, элдер туура эмес түшүнүп алып, ватсапттарын өчүрүп кайра орнотуп жүрбөсүн.
+3
Boha1
2019-01-31 10:13:26
Ушунун кереги жок эле, бирөөнүн турмушу бузулбаса экен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан