Укук коргоочу Рита Карасартова: “Ашын жеп койгондон кийин сүйлөй албай каласың” деген эле маселе болуп жатат”

Коомчулукта Бажы кызматында көп жыл иштеген Райымбек Матраимовго карата "миллион" деген ат коюлуп, коррупцияга шектелиши, Жогорку Кеңештин депутатынын аткезчиликке айыпталып коңшу өлкө тарабынан кармалышы, аткезчилердин атышуулары, ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн нааразычылыктары Кыргыз Бажы кызматында ири коррупция бар экенине жетиштүү негиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эмнеге бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып, жойбой жатат?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Анын айтымында, бийликке келгендер өз адамдарын чоң кызматка алып келүү менен алек болууда.

“Себеби биздин бийликке келүү үчүн ушундай адамдардын колдоосуна аябай ээ болушат. Анан бийликке келгенден кийин милдеттенме пайда болуп калат. Ошол үчүн булар КСДПга жардам берген деп туруп, “ашын жеп койгондон кийин сүйлөй албай каласың” деген эле маселе болуп жатат.
Азыркы күндө бийликке келгендер өз кадрларын коюп жатса, алар эртең башка кадрын алып келүү менен алек болууда. Ушундай систем түзүлүп калган. Бул нерсе бири-бирине байланыштуу.
Эгер сен иштебесең эч качан кызматка келбейсиң, ал эми келгенден кийин бул “бийликти колдойсуң” деген маселе. Президент өзү "бул КСДПга жардам берген, ошон үчүн эгер кылмыш жасаса силер далилдеп бергиле" деп ачык эле айтты. Ал эми журналисттер баарын эл ачык эле көрүп жатканда кантип далилдемек эле? Президент ушинтип айтып жаткандан кийин дагы эмне кылып далилдеш керек деген маселе туулат", - деди Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан